www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер батектей чабылып турган күзүндө Бакетаевдин ирбити өстү. Муну эч ким кыймылдата албасын эл түшүндү. Министр Бакетаев жан кыйышпас досу Бөлтүрүккө ык тартып, акча каражатын өз капчыгынан берип жаткансып аяган эмес. Келечекте "Кумтөр" кайрадан Чубактын кунундай чубалжыган былыктуу иштердин бутасы болоору айкын болуп калды. Бир кезде канадалыктар экологиялык зыян кылып, мөңгүлөрдү талкалап жатат деген лозунгду бетке кармаган бийлик, азыр "Кумтөрдү" өзү билип, эмне кылып казып жатат деген маселе чоң суроо жаратып жатат. Экология эмне болду? Буга чейинки канадалыктар талкаланган жаратылышка, мөңгүбүзгө келтирилген экологиялык зыяндан "Центерраны" бошотуп жибердик. Эми өзүбүз экологияга зыян кылбай, мөңгү талкаланбай Ээр-Таш, Сары-Чат жаратылыш коругуна кол салынбай алтын казып жатабызбы? Күмөн жараткан, бүдөмүк, шектүү иштер көп. Баарысы кумга башын тыгып билмексен... Мына кыйратат деген Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке миллиарддаган сом зыян келтирип камалып, көп өтпөй бошоп кетти. Бул эргулдун кекиртеги кернейдей эле экен, "Кумтөрдү" менчик саан уйундай эле саап, кенедей канын кактабай соруптур.

 Теңиз Бөлтүрүк 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын сентябрына чейин эле Кумтөрдөн 600 миң доллар мыйзамсыз мыйзамдуу кылып алыптыр. Каржы министри Алмаз Бакетаев бекиткен айлыкка ылайык Теңгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдингинен айына 45 миң доллар, Кумтөрдөн айына дагы 55 миң доллар маяна алып турган. Жалпы 100 000 АКШ $. Анан кантип келечекте Кумтөр боюнча суроолор жаралбай койбойт. Каржы министри Алмаз Бакетаев кандай негизде Тенгиз Бөлтүрүккө ири суммадагы олчойгон айлык коюп берди. Мыйзам жол береби, бул жагы дагы өзүнчө укуктук жоопкерчиликти талап кылган жагдай. Демек кийин Бекетаевдин "шектүү" ишмердүүлүгү боюнча да жоопкерчилик маселеси күн тартибине коюлат.

Ачка калгандардын тизмеси көбөйүп баратат. Камакта жатканда АШАнын аялы Раиса Атамбаева: «Ачка калдык улпак жей баштадык» деп көздөрүнөн жаш шорголоткон. Бөлтүрүктүн аялы да: "Ачка калдык, Тенгиз Бөлтүрүктүн 3 айлыгын бердирип коюңуз" деп президентке кайрылып көзүнүн жашын көлдөтүп жатса, Тенгиз Бөлтүрүк кайдан эле миллиарддарды төгүп, бошоп кетет?..  Бөлтүрүктүн үй камагына чыккандан бери дымы билинбейт. Соттук процесстен кабар жок. Күнөөлүү же күнөөсүз экени ажыратылбай, ак-карасы аралашып, "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" болуп бүтсө туура болбой калат. Кумтөрдү жеке менчигиндей эле пайдаланып, мамлекетке миллиарддаган чыгым келтирип, натыйжада камакка алынып, бир нече ай абакта отуруп, үй камагына чыгарылган Тенгиз Бөлтүрүктүн кылмыш иши ошону менен "оомийин" болду көрүнөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости