www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байсаловду жаакка шуу чапкансып министр Максүтов экөөнө президент Жапаров акыркы эскертүүсүн берди. Батыш десе жата калып колдогон Байсаловдон кеп кылсак, Канаданын премьер –министри Жастин Трюда деген бар. Зеленский менен биригип  98 жаштагы ССчинин чакырып алып аны мактап  дүңгүрөтө кол чапканы дүйнөнүн кыжырын келтирди. Көп өлкөлөр бул Жастин келесоо болуп калганбы дешип ноталарды жөнөттү. Пикер кызматтан шыпырылып наркоман Жастин жыргап жүрөт. Чынында Жастин наркоман экен, ал  Индиядагы «G20нын» саммитине баратып марихуанадан ашыгыраак чегип коюп,  наркотиканын айынан саммитттин ишине деле катышпаптыр. Марихуана - ааламда кеңири таралаган чөп, кара куурайдан жасалган баңги заттардын түрү. Баңги заттарга көз карандылыкты туудурган марихуана биздин өлкөдө ачык чегүүгө тыюу салынып, жашыруун сатылат. АКШта баңги зат чегүүчүлөрдүн 16 пайызы  марихуана чегери тастыкталган. Көчө аталышы: план, «травка», «солома», «дурь», анаша, каннабис,пластилин,бошки, ганджубас, укроп, «шишки», марья, ивнна, «дудка» жана башка

Индияда «G20нын» саммити болуп, ал жакка Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров барды. Дүйнөдөгү «жыйырма» экономикасы өнүккөн өлкөнүн саммитине АКШнын президенти Байден да өзүнүн «чөп-чарлары» менен катышканы белгилүү. Арийне, «G20нын» саммитинде АКШ менен Орусия кол беришип учураша алдыбы? Ким билет, алардын кол алышып учурашканын маалыматта көрсөткөн жок, бирок, Батыш кылгандары үчүн Сергей Лавров кечирим сурады жана согушту токтотуу тууралуу ойлорун ортого салды. Бул бүтпөс трагедиядан азыр чыгыш оор. Германиядан Шольц АКШга жасакерленип: «Согушту эртең эмес, бүгүн токтотуш керек» дегенге чейин барды. Бирок иш жүзүндө немецтик танкалар Украинага жүрөт. Ооз менен орок оруп, ал эми иш жүзүндө Украинаны күчтөп жаткан НАТОго жол болсун.

 Америкалыктар буга чейин Зеленскийди мактаса, асманга көкөлөтүп эч ким ага жете алчу эмес. Америкалык The Washington Post басылмасынын окурмандары Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыш мамлекеттерин бардык орусиялыктар үчүн бир жыл бою өлкөгө кирүүнү жабууга чакыргандан кийин аны сынга алышты.

"Мээси чирип калган", - дейт zibibboD.

"Куудул катары жамынган диктаторлордун бузуку жана алдамчы падышасы", - дейт ConfusingIdeas.

"Клоун толугу менен рельстен чыгып кетти", - деп жыйынтыктады окурмандар. Батыш өлкөлөрү орустар үчүн чек араларды жаап салышы керек экенин Зеленский The Washington Post гезитине берген маегинде билдирди. Зеленскийдин айтымында, бул эң маанилүү санкциялардын бири болушу керек жана тыюу салуу жада калса өлкөдөн чыгып кеткен орусиялыктарга да жайылтышы керек.

Ошого карабай АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Кошмо Штаттары Украинага аскердик коргонуу шаймандарын "зарылдыгына жараша" берет деп билдирди. "Америка Кошмо Штаттары Украинага коопсуздук үчүн олуттуу жардам көрсөттү. Бирок биз колдоо көрсөтүүнү улантуу үчүн ресурстарды табууда чогуу иштеп жаткан дээрлик 50 өлкөнүн катарындабыз. Биз Украинага жардам берүүгө, аны техника жана технология менен камсыздоого... аймакты коргоого чечкиндүүбүз... Биз муну канча талап кылынса, ошону жасайбыз», - деген Остин. 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен сүйлөшкөндө батыштын Украинага курал-жарак жеткирүүсү жаңжалды гана узартып, Киев режиминин азабын узартып, курмандыктарды көбөйтүп жатканын айткан. Орусия Федерациясы Украинага курал-жарак жеткиргендигине байланыштуу АКШ баш болгон бардык өлкөлөргө мурда нота жөнөткөн. Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги НАТО өлкөлөрү Украинага курал жеткирүү менен "от менен ойноп жатат" деп билдирген.

Ал эми, Орусия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинага Батыштан курал-жарактарды тартуу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгилигине өбөлгө түзбөй турганын жана терс таасирин тийгизерин белгилеген.

Украинаны күтүп жаткан массалык менчиктештирүү өлкөнү толугу менен Батышка сатууга алып келет жана Владимир Зеленский жана анын командасы бардык кирешени бөлүшөт, деп жазат Кытайдын Гуаньча порталы: "Эгер Зеленский сатып алуучуну тапкысы келсе, анда ал Батышка барышы керек - ал акырындык менен Украинанын улуулугунун калдыктарын саткан адамды издей берсин, мен Зеленский бул сатып алуучуну өлкө кыйраганга чейин табат деп үмүттөнөм”, деп айтылат маалыматта.

Автордун айтымында, жаңжал учурунда мамлекеттик мүлктү жеке колго өткөрүп берүү орунсуз көрүнөт. Бирок бул кадамды Зеленскийдин ыңгайлуу пенсия алуу аракети деп эсептесек, анда баары ордуна келет. Буга чейин Украинанын премьер-министри Денис Шмихал Жогорку Рада кабыл алган мыйзамга ылайык, өлкөдө массалык менчиктештирүү жакындан тарта башталышы керектигин билдирген.

Өз кезегинде Украина парламентинин экс-спикери, депутат Дмитрий Разумков белгилегендей, бул документ де-факто ири өнөр жай ишканаларын сатууга мүмкүндүк берет, ал эми валюта курсунун төмөндөшүнүн фонунда, бул иш жүзүндө "өлкөнүн арзан сатылуусу".  Кошумчалай кетсек, Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын маалыматы боюнча, колдо болгон чалгындоо маалыматтары Украинанын азыркы бийликтери акырындап коңшу Польшага улуттук экономиканын тармактарын көзөмөлдөөнү бере баштаганын тастыктайт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости