www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көкө теңир жолундагы кыргыз эли алмуздактан бери эле айлана - чөйрө, табигитка көз салып ааламды үч катмардан турат деп эсептеп келишкен. Мунун башкысы ааламга жарыкчылык тартуулаган Көк, же болбосо асман. Андан кийин адамзатка, флора жана фаунага тиричилик тартуулаган Жер-эне. Акыркысы, Жер-асты же тиги дүйнө, караңгылык. Булар бири-бирине эриш-аркак болушкан. Ааламды жаратуучу Жараткан эң жогорку дүйнөгө тиешелүү болуп, жети кабат асмандын дал төбөсүндө орун алып, Көк менен жерди жараткан соң, өсүмдүктөр дүйнөсүн, жан-жаныбарларды, соңунда адамзатты жаратып жатпайбы. Байыртадан Көкө теңирге сыйынып келишкен байыркы кыргыздар да адамзаттын төрөлүшүнө өзгөчө маани беришкен. «Балалуу үй-бактылуу үй», «Балалуу үй - гүлүстөн, баласыз үй – көрүстөн», «Бала жылмайса – аалам жылмаят» , «Балалуу үй – бакыт ордосу», «Балалуу үй – мөмөлүү дарак» -дешип, баланы кадырлап-кастарлап тосуп алышкан.

 1850- жылы күз тайай, Качыбек уулу Кудаярдын үйүндө болочокто ай-асмандын эсебин чыгара ала турган наристе көз жарат. Ошол мезгилде ислам дининин жол-жобосу аркалык кыргыздарда күчүнө кире элек болгондуктан, жаңы төрөлгөн наристени да улуттук каада-салтын, сактап Көкө теңирге, Умай-энеге табынышып, бала төрөлгөндөгү жөрөлгөлөр менен чогулган эл асманга колун созушуп: -Оо, кудуреттүү жараткан! Касиеттүү Умай –эне! Өз эгелигиңдин астында нур денелүү наристелүү болдук. Эми ал адамдар менен кайберендерди, илбээсиндер менен айбандарды , жер-суу менен тоо – токойду ызааттаган киши болсун! Жок болбой, кор болбой, кем болбой, зар болбой, зоболосу, тукуму өссүн! Көкө Теңирдин накта уулу болсун! Оо, Көкө Теңир, бул ымыркайды мээримдүү нарыңа бөлө! Оо, Ай теңир, ага айдай чырай бер! Оо, Жылдыз теңир, аны жылдыздуу кыл! Оо, Жер-эне, аны аман-эсен асыра, торолт! Оо, Суу-теңир, анны ырыскы-сусундан кем кылба! Оо,Тоо теңир, аны эң мыкты аңчы кыл! Оо, Кан- теңир, аны теңдешсиз жоокер кыл! Оо, Умай-эне, эми ушул ымыркайдын кийинки тагдырын өзүңө, а өзүңдү Көкө теңирге тапшырдык! Оо, кудуреттүү жараткан! Ушул асыл-тилегибизди Күн менен Айдын нурунан бткөн кыргыз элинин атынан кабыл ал! Өзүңө Күн балдары- Нур тукумдары катары өтүнүчбүз ушул!- дешип, Көкө Теңирге арнап жандыкты курмандыкка чалган. Ата-Бабабыздын ишеними боюнча «көк асман» бу дүйнөнүн төбөсү болгон, ал жерде күн сайын күн, ай сайын ай тулуп турган. Илгерки кыргыздар жашынан карысына чейин жоокер эл болгондуктан күндү айрыкча урматтап мамиле кылышкан. Күндөн кийин ай, андан соң, көк асмандагы жети жылдыз өзгөчө кадырланган. Бул жердеги жети жылдыз, байыркы кыргыз уламыштарында «эже –сиңдилүү жети сулуу»-деп аталган жети жылдыздан турган үркөр топ жылдыздарын эсептеше турган.

Чачыранды кыргыздын уруулары биригүүнү самап турушкан

Ормон хандын өлүмү көп кан төгүүлөрдүн башы болуп келген. Эсенбайдын балалык чагы бугу-сарбагыш чабышына туура келген. Салгылашка кеткен сарыбагыштар дайыма ызы-чуу, өкүрүк менен кайтып келишчү дейт. Бул салгылашты сарбагыштар баштап, сарбагыштар көп кырылып калды дечү экен Эсенбай бала кезин эскерип. Орус келгени баягыдай  өзүмдү өзүм билем деген күчтүү сарбагыш он төрт болуштуктарга чачырап кеткен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 

Последние новости