www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салмагың кандай саясатчы? Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик. Бул жолку каарманыбыз, Юстиция министри Аяз Баетов болмокчу? 

Азыркы бийликтин алмашкыс кадрларынын бири катары, дээрлик беш жылга чукул мезгилден бери министр болуп, ити чөп жеп келет. Президентке жакындыгы менен саясаттагы орду кыйла жогорулады. Буга анын “Кумтөрдү” мамлекетке алуудагы ролу маанилүү фигурага айлантты десек болот. 

Ал учурда коомго төбөсү көрүнгөн, элге таанымал аты чыкккан популярдуу деле эмес. Бирок мамлекет үчүн керек болгон чечимдерди кабыл алууга даяр экенин көрсөттү. Министрлик кызматка жаш экенине карабай дайындалып, кагылып-согулуп бышты. Коомго таасири анчейин болгон менен президенттин ишенимин арттырган кадрлардын бири катары министр болуп былк этпей отурат. 

Дагы бир артыкчылыгы, интригадан өзүн алыс кармап, жеңил-желпи пиар менен алек болбогон оор басырыктуу сапаты, салмагын арттырып турат десек жарашат. Ток этерин айтсак, чыныгы мамлекеттик ишмер катары өсүп, жетилип калды. Ушул калыбынан жазбаса, келечекте алыска чуркачулардын бири.

Последние новости