www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


“Региондорду өнүктүрүү – бул социалдык объектилерди гана куруп тим болбостон, калктын аярлуу катмары – колунда жокторго жана жетим-жесирлерге жардам берүү”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда, Балыкчы шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, социалдык колдоого муктаждарга мамлекет көңүл бурууда.

“Жөлөкпул былтыр 3000 сом болсо, аны 1000 сомго көбөйттүк. Мамлекет колдон келишинче кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге жардам берип жатат. Облус жетекчилери, акимдерге айтып жатам, жетим, муктаждарга жардам берүү – чоң соопчулук. Кээ бир аймактарда бул багытта демилгелер башталды.  Россия, Түркия, Германиядагы мекендештер менен жолугуштум. Баары тең “акимдер, айыл өкмөтү уюштурса -  биз жардамыбызды беребиз” дейт. “Көп түкүрсө - көл болот”. Ошондуктан колунда жокторго, кыйналып жаткандарга, жетим-жесирлерге жардам берүү маселесин айыл жерлеринде колго алышыбыз керек”, - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости