www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Улуттук майрам — Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоону кабыл алыңыз.

Бүгүн Кыргызстан мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө көрүнүктүү ийгиликтерди көрсөтүп, экономиканы модернизациялоо менен эл аралык аренада өлкөнүн кадыр-баркын көтөрүп, прогресстин жолунда ишенимдүү кадамдарды жасоодо.

Белорусияда эки элдин достугу жана ишенимдүү мамилелери жогору бааланат жана мындан ары дагы жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө ишенимдүү негиз катары кызмат кыла берет.

Ушул салтанаттуу күндө Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана баардык башталыштарда ийгилик, ал эми Кыргызстан элине — тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп белгиленет Белорусиянын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости