www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү парапсихолог, көзү ачык Мелис Карыбеков акыркы учурда азыркы бийлик жана саясатчылар тууралуу айткандарын аз-аздан улантууда. Бул ирет дагы азыркы жана мурунку президент, алардын тагдыры, саясый күрөш жана саясатчылар жөнүндө өз "маалыматы" боюнча айтып берди.

—Камалып жаткандар боюнча эмне айтасыз?

—Туура камап жатат. Мен колдойм. Мамлекетти тоногондор эч аёосуз камалсын, жазалансын. Эл ушуну күтүп жаткан. Жантөрө эчак камалса жарашмак, бирок эми да кеч эмес. Эми аягына чыга алабы, кеп ушунда. Кайсы бийлик келсе да Жантөрө байыйт, элге акыл үйрөтөт. Бирок элибиз баягыдай эле кыйналат. Бул эми жеткен акмакчылык да. Бул маселеде дагы эл биле элек сыр бар. Жээнбеков менен Сатыбалдиевдин мамилеси мурунтан анча жакшы эмес болчу. Мына ошол маселе да анын камалышына таасир берди. Бирок ал биринчи маселе эмес. Мына камалгандар: Исаков, Сатыбалдиев, Кулматов баштагандар 2010-жылы революцияга катышкан эмес, кыпындай да тиешелери болгон эмес. Бирок 8 жылдан бери ушулар жыргашты. Каалаганын кылышты. Эл менен эсептешкен жок. Эл анан ушуларды жакшы көрөбү? Элдин да кусуру бар да.

(уландысы бар)

Булак: Багыт.кж гезити

Последние новости