www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев кайдыгерби же Кыргыз элиби?

Дача СУ айылына кулап түшкөн учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева жана Албек Ибраимовдун чөнтөк телефон менен алектенген үй бүлөө мүчөлөрүнүн бирөөсүнө таандык экени тар чөйрөдө айтылып, ошондо талкууга түшүп,  канчалаган үй-бүлө кан жутуп, балдар жетим калган.

Так ошол учурда КР Президенти Алмазбек Атамбаев болгону менен окуя болгон жерине барып, окуя болгон жерине барып элге кайрат айтып, көңүлүн сураган эмес.

Тетирисинче, Дача СУдан запкы тарткандарды сүйлөтпөй куугунтук кылышканын баары билет же унутуп коюшту.

Самолет аркылуу жүк ташуу бизнесине Албек Ибраимов “Манас” аэропортунда директор болуп турган маалда баштап, президент Алмазбек Атамбаевдин кийлигүүшүсү аркылуу товарларды бажы салыгын төлөбөй контрабанда жолу менен алып өтүп, бизнести ийгиликтүү жүргүзүп, салыктан качып келишкен.

Акыркы жолку жүк алып келүүдө учактын ичинде Албек Ибраимовдун жүгүнөн тышкары Кытайдагы иш сапарынан кийин эс алууга чыккан маалда сатып алган Президенттин жубайына таандык мүлктөр болгон. Ошол себептүү “сырдуу” жүк табышмак бойдон калган. Ажал алып келген сырдуу жүктү салган самолет буга чейин көп жолу жүк тартып келген.

Ошол каргашалуу кандуу учак бир айылды басып калганда кыргыз эли кыштын кыраан чилдесинде көз жашын төгүп, көгултүр отко зар болуп, ошондогу президент Алмазбек Атамбаевди жек көрүп баштаган.

Ошондогу сырдуу жүк Раиса Атамбаева менен Албек Ибраимовго таандык деп айтылып-айтылып кала берди.

Муну менен эмнени айткыбыз келип турат. Кыргыз эли ушунчалык тереңин ойлонбогон, келечегине тетири караган, көрөалбас, өздөрүн өздөрү бутка тарткан, жакшы сөзгө бат алданып, келечегине кеч кадам таштаган калкпызбы?

Тээ тарыхка бир эле мисалга кайта турган болсок, Курманжан Датка кыргыз эли үчүн уулун акка тарткан. Ага караганда Сооронбай Жээнбеков досун кыргыз эли үчүн курмандыкка чалышы бул “саткындык” эмес болуш керек же туура эмеспи?

Камагыла дейт, камаса камабагыла дейт? .....Түшүнүксүз! 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости