www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башы районунда жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 38 адам сот тарабынан жоопкерчиликке тартылды.

Бул тууралуу Ат-Башы райондук прокуратурасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, алардын 31ине коомдук жумуш, үчөөнө камакка алуу, төрт адамга айып пул түрүндөгү жаза колдонулган.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында райондук прокуратуранын, ички иштер бөлүмүнүн жана Юстиция министрлигине караштуу Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактар аралык пробация башкармалыгынын кызматкерлери укук бузуучулар менен жолугушуу өткөрүштү.

Жыйынга үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 18 адам катышты. Аларга зомбулук жасоо мыйзамга каршы келери жана мындай аракеттерге жол берилбей турганы түшүндүрүлдү.

Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам талаптары күчөтүлүп жатканы айтылып, укук бузуулардын алдын алуу жана мындай фактылардын кайталанышына жол бербөө боюнча эскертүүлөр берилди.

Последние новости