www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 3-июлда өткөргөн митингине 5000дин тегерегинде адам топтоону максат кылган экен. Ошончо адамды топтоо үчүн ал ишенимдүү адамдарына акчаны аябай эле таркатыптыр.

Мисалы, Кыяз Смаилов аттуу жигит «Мен 200 атчан балдарды алып келем» деп убада кылганынан улам, алардын ар бирине деп 10 миң сомдон бергени жалганбы? Ошондо Атамбаев Смаиловдун колуна 2 миллион сом карматкан болобу?

АШАны ишендирүү үчүн Смаилов түнкүсүн Кой-Ташка 15 атчанды алып келип, аларды ары-бери кичине дүбүрөтүп чаптырып видеого тарттырып койгон экен. Анан мурдагы президентке «200 атчан даяр турат, сиздин команданы эле күтүп турат» деп көңүлүн жайгарганы кандай?

Баса, ал өзүнүн алган акчасын акташ үчүн эки-үч күн катары менен «мына дагы жаңы атчандарды алып келдим» деп мурдагыларды эле кайра-кайра алып келе бергенин жанындагылар айтып жүрөт.

Ошентип 3-июлда митингге бери дегенде 200 адамды алып чыгам деп убада кылган Смаилов болгону 15 атчанды жөнөткөн дешет. Алар дагы «Форумду» көздөй бараткан жолдон кайра аркага кайтып кетишиптир. Смаилов алардын да акчасын толук бербей койгонбу? Атчандар «Акчаны толук берген жоксуң, биз дагы митингге толук барбайбыз» деп кайтып кетиштиби? Азыр эми Атамбаев Смаиловду жакшылап «такалаш керек» деп жинденип турганы кандай?

Булак:NazarNews.kg

Последние новости