www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван районунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 11-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Ош облусунда 16 социалдык объекттин ачылышы болду.

Алардын арасында ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Араван району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жаңы административдик имараты да бар.

Имарат Араван районунун С. Юсупова айыл аймагында жайгашкан. Жаңы имараттын пайдаланууга берилиши менен өзгөчө кырдаалдар учурунда райондун калкына ыкчам жана сапаттуу жардам көрсөтүүгө шарт түзүлдү.

Ош облусунда бүгүн пайдаланууга берилген 16 объекттин ичинде 2 мектеп, 5 бала бакча, 3 спорт зал, оорукана, ФАП, маданият үйү, 2 административдик имарат жана парк бар.

 

Последние новости