www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жаштардын ортосунда чыккан жаңжал боюнча милиция текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-август күнү саат 07:50 чамасында Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагындагы Флагшток аймагында жаштардын ортосунда жаңжал чыккандыгы тууралуу маалымат милицияга түшкөн.
Окуянын видеосу социалдык тармактарга таралып, коомчулукта талкуу жараткан.
Аталган факты Аламүдүн РИИБге катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.
Жаңжалга тиешеси бар жарандар милиция бөлүмүнө жеткирилип, тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга катышкан жарандардын бири милицияга арыз менен кайрылып, жаңжал өз ара түшүнбөстүктөн улам чыкканын жана эч кимге карата доо-талабы жок экенин билдирген.
Учурда бул факты боюнча кошумча текшерүү иш-чаралары улантылып жатат.
Анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынары маалымдалды.