www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ бийлиги Кубанын мурдагы лидери Раул Кастрого каршы расмий түрдө кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Reuters агенттиги Ак үйдүн жогорку даражалуу өкүлүнө таянып жазды. Айыптоолордун чоо-жайы расмий түрдө ачыкталган жок.
Буга чейин америкалык маалымат каражаттары бул иш 1996-жылдагы окуя менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин жазышкан.
Анда Кубанын аскердик аба күчтөрү Brothers to the Rescue укук коргоо уюмуна таандык эки жарандык учакты атып түшүргөн. Майамидеги кубалык эмигранттар негиздеген бул уюм деңиздеги кубалык качкындарды издөө менен алектенчү. Окуяда төрт киши каза болгон. Ал кезде Раул Кастро Кубанын коргоо министри кызматын аркалап турган.
Раул Кастро 1959-жылдагы Куба революциясынын лидерлеринин бири болгон жана ондогон жылдар бою өлкө жетекчилигиндеги негизги кызматтарды ээлеп келген. Анын агасы Фидел Кастро ооруп калгандан кийин Раул Кастро лидер болуп калган.
2018-жылы Раул Кастро мамлекет башчысы кызматынан кеткен.