www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Иранга каршы аскердик операциясы кеминде 100 күнгө созулушу мүмкүн. Бул тууралуу Politico маалымат агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай божомол Пентагондун ички документинде айтылган. Анда эң начар сценарий боюнча аскердик операциялар сентябрга чейин уланышы мүмкүн экени белгиленген.
Документте көрсөтүлгөндөй, ошол убакка чейин Ирандын ракеталык жана учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) боюнча мүмкүнчүлүктөрү дээрлик толук түгөнүшү ыктымал.
Эске салсак, 28-февралдан тартып АКШ менен Израиль Иран аймагына аба соккуларын бере баштаган.
Доналд Трамп операция 4 жумага жетпеген убакта аяктайт деп билдирген.