www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 297–305-чакырым аралыгында кар көчкү тазаланып, учурда жол ачылды.
Азыркы тапта аталган тилкеде унаалар үчүн эки тараптуу каттам камсыздалды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бул жол тилкесинде кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралган учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан керектүү атайын техникалар жана жолчулар даяр турат.
Жол кыймылынын катышуучуларынан сак болууну жана жол коопсуздугунун эрежелерин так сактоону өтүнөбүз.