www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга 19 вагондон турган эл аралык «Golden Eagle» туристтик поезди кайра келип, Бишкек-2 темир жол бекетине 73 туристти жеткирди.
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, туристтер Европанын бир катар өлкөлөрүнөн, АКШдан, Жаңы Зеландиядан, Кытайдан, Австралиядан жана Мексикадан келишкен.
Конокторду Бишкек-2 бекетинен «Кыргыз темир жолу» ишканасынын өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты. Туристтер үчүн улуттук кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган жарманке уюштурулуп, комузчулар тобу кыргыздын улуттук күүлөрүн аткарып беришти.
1-октябрда туристтер Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы туристтик жайлар менен таанышкан. Бүгүн, 2-октябрда алар Бишкектин тарыхый жана маданий жайларын кыдырышат.
«Golden Eagle» туристтик поездинин каттамы Улуу Жибек жолунун тарыхый багыты боюнча уюштурулуп, Кыргызстанды эл аралык туризм багыттарынын бири катары таанытууга багытталган.