www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында өлкө аймагында Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөгө жарыяланган үч жаран кармалды.
Бишкек шаарында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан 1971-жылы туулган чет өлкөлүк жаран Л.С.В. кармалды. Ал Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан уюшкан кылмыштуу топ түзүү, алдамчылык жана өзгөчө ири өлчөмдө мүлк уурдоо фактылары боюнча издөөгө алынган. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 183 600 000 казак теңгесин түзгөн.
Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 1980-жылы туулган чет өлкөлүк жаран К.Д.М. кармалды. Ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча издөөгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ал Кыргыз Республикасынын жаранынын башка ысым менен таризделген паспортун колдонгону аныкталган.
Аталган документти алуунун мыйзамдуулугу тиешелүү органдар тарабынан текшерилүүдө. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 8 346 000 россиялык рублди түзгөн.
Ошондой эле Бишкек шаарында 1986-жылы туулган чет өлкөлүк жаран О.Ч. кармалды. Ал Түркия Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан алдамчылык, курал колдонуу менен коркутуу жана ден соолукка зыян келтирүү фактылары боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган.
Ыкчам иш-чаралар чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлдү. Бул эл аралык издөөдө жүргөн жана адилеттиктен жашырынып жүргөн адамдарды кармоо багытындагы кызматташтыктын натыйжалуулугун тастыктайт.