www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка: «Биз Иранга бир да цент бербейбиз»

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс АКШ менен Ирандын ортосундагы мүмкүн болгон келишим Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдү да камтый турганын билдирди. Анын айтымында, документ Перс булуңу өлкөлөрүн, Израилди жана Ливанды камтыган аймактык тынчтык келишими болот.

Вэнс Иран бардык шарттарды аткарса да, АКШ тарабынан эч кандай каржылык жардам албай турганын баса белгиледи. Ошондой эле Иран терроризмди каржылоону токтотуп, коңшу өлкөлөр менен мамилесин жакшыртса, башка мамлекеттердин инвестиция тартуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтты.

Маалыматка ылайык, 19-июнда кол коюлушу күтүлүп жаткан меморандумдан кийин АКШ менен Иран акыркы келишим боюнча дагы 60 күн сүйлөшүүлөрдү улантат.

Последние новости