www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын жеке кабыл алуусуна 31 жаштагы Р.А. аттуу келин келип, өзүнүн жана 10 жаштагы кызынын укуктарын коргоп берүүнү өтүндү. 

Ал укук коргоо органдары эне-баланын укуктарын коргоо жана Жогорку соттун чечимин аткаруу аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрбөй жаткандыгына даттанган. 

Арыздануучунун айтымында, мурдагы күйөөсү А.К. 2019-жылы ажырашкандан бир нече айдан кийин 5 жана 7 жаштагы кыздарын алып кетип, апасы менен жолуктурбай койгон. 

Р.А. сотко кайрылган, 2020-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук соту кыздарды апасынын кароосуна өткөрүү боюнча чечим чыгарат. Бирок А.К. 2 жылдан кийин гана улуу кызын апасына өткөрүп, кичүүсүн бербей, бүгүнкү күнгө чейин жашырып келет. 

2026-жылдын январында Жогорку Сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. 

А.К.га сот чечимдерин аткарбагандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, ага карата электрондук көзөмөл түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган.

“Ага карабай укук коргоо органдарынан жардам болбогондон кийин, кызымды өзүм издеп, Бишкектеги бардык мектептерди кыдырып чыктым. 13-майда Бишкектеги жеке мектептердин биринен таап, ал жерге сот аткаруучуну жана милицияны чакырдым”, – дейт арыздануучу.  

Р.А.нын айтымында, бирок анда Свердлов районунун сот аткаруучусу М.Т. колунда соттун чечими жок экенинин айтып, чара көргөн эмес. 

“Ал эми милиция кызматкери мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдери, козголгон кылмыш ишине карабай, мурдагы күйөөмө кызымды алып чыгып кетүүгө жол беришти. Жада калса мурдакы күйөөмдүн ошол жерде мени коркутуп жатканына дагы карап коюшпай, болгону мага коргоо ордерин ыйгарышты”, – дейт Р.А.  

Акыйкатчы, Конституцияга ылайык мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары бардык мамлекеттик органдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш экендигин эскертет. 

Мындай көрүнүш  сот чечимдерин милдетүү түрдө аткаруу принцибине жана жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимине, сот бийлигинин кадыр-баркына доо кетирерин белгилейт. 

Мындан улам Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага жана ИИМге кайрылып, Р.А.нын арызы боюнча текшерүү жүргүзуп, бул окуяга тиешеси бар сот аткаруучулардын, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана башка жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүүнү сунуштады.

Последние новости