www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз сессияга чогулушу күтүлүүдө. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев маалымат булактарынын бирине билдирген.

Анын айтымында кезексиз сессияга чакыруунун демилгечилери фракция лидерлери болушкан.

«Кезексиз сессияда биз акыркы биринчи-вице-мэр, бир катар жетекчилерге карата кылмыш ишинин козголуушу сыяктуу окуяларга байланыштуу шаардын жашоосун камсыздоодогу түзүлгөн кырдаалды карайбыз», - дейт ал.

Алмаз Кененбаевдин айтымында борбор калаанын мэри Албек Ибраимовго сессияга чакырган телефонограмма жөнөтүлдү, азырынча ал келери же келбеси белгисиз. Шаар башчысы эс алууда жүрөт.

«Мэр эмнеге мына ушундай убакта, анын биринчи орун басарын камакка алып, кылмыш иши козголгон чакта, жылуулук сезонуна даярдык жүрүп атканда эс алууга чыгып алганы түшүнүксүз. Бишкек шаардык кеңеши да шаардын жашоо ишмердүүлүгүнө жоопкерчиликтүү экенин түшүнүп, сессия өткөрүүнү чечти», - дейт А. Кененбаев.

Ал эми коалициялык көпчүлүктүн лидери Таалайбек Сагынов бул кезексиз сессияда депутаттар борбор калаа мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөөсү да күтүлө турганын билдирди. 

Кыязы, эс алууга кеткен А. Ибраимов ошондон ары биротоло «эс алат» окшойт.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости