www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Ленин айылындагы Аламүдүн суусунун тиричилик таштандылары жана желим бөтөлкөлөр менен булганганы тууралуу тараган видеодон кийин жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Достук айыл өкмөтүнө караштуу «Ынтымак-Достук» муниципалдык ишканасына 17 миң сом айып пул салынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, айып пул Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык дайындалган.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Аламүдүн суусунун таштандыга толуп калганы тууралуу видео тараган.

Андан соң Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жана Достук айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкананын өкүлдөрү биргелешип сууну таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.

Мындан тышкары, министрликтин кызматкерлери жергиликтүү тургундар арасында экологиялык талаптарды сактоо, таштандыларды атайын белгиленген жайларга чыгаруу жана айлана-чөйрөнү таза кармоо боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүштү.

Последние новости