www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы курулуш объектилери боюнча пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүгө Байтик Баатыр айыл аймагынын №312, 314, 324 жана 326 контурларында курулуп жаткан бетон заводу тууралуу түшкөн маалымат негиз болду.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бетон түйүнүнүн курулушу боюнча бекитилген долбоордук документация, курулушка уруксат берүүчү документ, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен зарыл болгон макулдашуулар жок экени аныкталды.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзуп жаткан “Бишкек Инвестмент Групп” ЖЧКсына карата административдик чаралар колдонулуп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салуу тууралуу токтом кабыл алынды.
Мындан тышкары, аныкталган бетон түйүнүн эксплуатациялоо иштери мыйзам бузуулар толугу менен жоюлуп, бардык тиешелүү уруксат берүүчү документтер мыйзамда белгиленген тартипте жол-жоболоштурулганга чейин токтотулду.
Белгилей кетсек, Курулуш министрлиги курулуш иштерин мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү- коопсуздукту камсыздоонун жана тармактагы тартипти сактоонун негизги шарттарынын бири болуп саналарын эскертет.