www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л. Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Пархатович Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Тараптар эмгек миграциясы жана социалдык маселелер чөйрөсүндөгү кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнү, анын ичинде калктын жумуш менен камсыз болушу, социалдык коргоо системасын өркүндөтүү жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты.
Элчи С.Ниязходжаев Министр К.Л. Сагынбаевди Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барып, өзбек тараптын тажрыйбасын үйрөнүп, 2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Эмгек жана жумушсуздукту азайтуу министрлиги ортосундагы макулдашылган Протоколдун иш жүзүндөгү аткарылышын көрүп келүүгө чакырды.
Тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана эмгек миграциясы жана социалдык коргоо тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин тастыкташты.