www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Алай районунун Сопу-Коргон айыл аймагындагы "Пилорама" муниципалдык ишканасынын жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда ишкананын 57 сотых болгон жер тилкеси менен административдик имаратын менчиктештирүүдө эреже бузуулар аныкталды.

«Административдик имарат жана ага чектеш жер тилке мурда Сопу-Коргон айыл аймагынын балансында турган. Бирок 2017-жылы мыйзам бузуу менен жеке колго мыйзамсыз берилген.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө административдик имарат жана анын жер участогу ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди», - деп айтылат расмий маалыматта.

Последние новости