www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги Ала-Тоо аянты футбол күйөрмандары үчүн чоң фан-зонага айланат. 19-июлда бул жерде 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине арналган ири иш-чара уюштурулат.
Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, күйөрмандар үчүн төрт сааттык шоу-программа даярдалып, ал саат 21:00дө башталат.
Финалдык беттеш түнкү саат 01:00дө Ала-Тоо аянтында орнотулган чоң LED-экрандан түз көрсөтүлөт. Уюштуруучулар оюн жогорку сапаттагы үн коштоосу менен берилерин билдиришти.
Мындан тышкары, фан-зонада фудкорттор, көңүл ачуу аянтчалары уюштурулуп, келгендер үчүн белектер жана байгелер ойнотулат. Иш-чаранын музыкалык бөлүгүндө рэп аткаруучу Ulukmanapo башкы конок катары чыгат.