www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ала-Бука районунда катуу жаан-чачын жана мөндүрдөн зыян келтирилди
Ала-Бука району аймагында 11-май күнү катуу жааган жаан-чачын жана мөндүрдөн кийин өзгөчө кырдаал түзүлүп, ыкчам чаралар көрүлүүдө.
Райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Темирболот Абыкеев жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жарандык коргонуу багытында ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүштү. Жаан-чачын саат 18:30 чамасында күчөп баштап, 20:30да райондук администрацияда ыкчам жыйын өткөрүлгөн. Андан соң район башчысы мөндүр катуу жааган Кызыл-Ата айылына барып, жеринде абал менен таанышкан.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана тиешелүү кызматтар тарабынан кесепеттерди жоюу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле зыянга учураган турак жайлар жана эгин талаалары такталууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, болжол менен 1350 гектарга жакын эгин талаалары жана бак-дарактар, ошондой эле 30га жакын турак жай жабыркаган.