www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров Сапар Исаковду “оюндан” чыгардыбы?

Өлкөдө алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу саясий кырдаал акырындан жанданып, ар кандай божомолдор жана талкуулар күч ала баштады. Алдыдагы шайлоо өлкөдөгү саясий тең салмакка олуттуу таасир берип, учурдагы бийлик үчүн да, президент болууну көксөгөн талапкерлер үчүн да маанилүү этап болушу мүмкүн. 

Мындай учурду, мүмкүнчүлүктү зарыга күткөндөр бар. Алсак, Аскар Акаевдин мезгилинен бери болгон үлкөн кызматты аркалап, Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун учурунда дагы ээрден түшпөгөн Акылбек Жапаров президенттикти эңсегендердин сап башында турат десек аша чапкандык болбойт. Шайлоого барса Садыр Жапаровго чоң көйгөй жаратышы ыктымал болгон таасирлүү саясий фигуралардын бири. 

Дегенибиз, Акылбек Жапаров менен үзөңгүлөш болуп саясатта, бийликте жүргөндөрдүн нечени “критке” кетти. Алды камалды, арты кумга сиңген суудай чээнге кирди. Андан бери нечен суулар акты. Бир гана Акылбек мырзадан оомат кеткен жок. Азыркы бийликтин тушунда Кабмин төрагасы болду. Бирок коррупциялык схемага шектелип иштен кетип, ошентсе да кылмыш жоопкерчилигинен сырт калды. 

Кызыгы, Акылбек Жапаровду үлкөн кызматтарга коюп, эркелеткен бийликтин биринин да келечеги түз болгон жок. Баарынын иши айрандады. Ал эми Акылбек мырза“ак карга” болуп, суудан кургак чыгып келе жатат. “Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” эр экен. Эми мунун бир гана максаты калды, президент болуш. 

Тар чөйрөдө Россияда чоң колдоосу бардыгын, Россиянын Өкмөт башчысы Михаил Мушистин менен үй-бүлөлүк катыштыгы анын президент болууга мүмкүнчүлүгү жогору экенин кеп кылары айтылып келет. Ал түгүл Россия колдойт деген Сапар Исаковду жолдон алууга катуу аракет көрүп, максатына жеткени да сөз болуп жүрөт. Себеби, учурда Кремль Исаковго анчейин ишеним артпай жатканы ошондон дешет. 

Мындай темп менен кетсе Акылбек Жапаров шайлоодо чоң оюн көрсөтүп чыга келиши ажеп эмес. Буга дейре далай президентти “сууга алып барып сугарбай келген” жагынан алдына ат салдырбаган таланты, азыркы бийлик эгесинен эки тизгин бир чылбырды талаштырбай шүк жаткырышы кыйын. Анын үстүнө бул шайлоо акыркы мүмкүнчүлүгү экенин билип турат. Кийинки мезгилге чейин жашы өтүп кетет...

Последние новости