www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы аппараты Нарын облустук ички иштер башкармалыгына жиберген кайрылуунун негизинде аталган башкармалык Ат-Башы РИИБнин Тергөө кызматынын тергөөчүсү Н.Туратбековго карата “Сөгүш” тартиптик жазасын жарыялады. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма-сөз кызматы билдирди. 

Айтып өтсөк, Акыйкатчы аппаратына Ат-Башы районунун жашоочусу Ж.Н. арыз келип түшкөн. Арызда анын иши боюнча күбөлөр турса да Ат-Башы райондук ИИБ тергөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Н.Туратбеков бир беткей карап, айткан далилдерди укпай “жакында соттолосуң!”-деп коркутууга алып жатканы айтылып, чара көрүүнү суранган.

Аталган арыз боюнча Акыйкатчы институту тарабынан тиешелүү кат жөнөтүлүп, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ИИКнын Нарын облусу боюнча ички иликтөө тобунун кызматкерлери тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анда Ат-Башы РИИБнүн тергөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Н.Нуратбеков кызматтык жүрүм-турумга, жарандарга карата сылык-сыпаа мамиле кылуу талаптарын сактабай, Кыргыз Республикасынын ИИМнин “КРнын ИИОнын кызматкерлеринин кесиптик этикасы кодекси жөнүндөгү” №164 буйругунун 5-беренесинин жана 8-беренесинин талаптарын бузуп, Ат-Башы районунун Казыбек айылынын тургуну Ж.Н. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын наамына арыз менен кайрылуусуна алып келип жана бул окуянын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып кетишине жол бергендиги аныкталып, сөгүш жарыяланган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости