www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда көмүртек бирдиктерин эсепке алуу жана жүгүртүү боюнча улуттук системаны түзүү маселеси талкууланган жумушчу жолугушуу болду. Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков, Максуджон Сафаров баштаган Дүйнөлүк банктын энергетика боюнча жана климаттык каржылоо боюнча эксперттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушууда Дүйнөлүк банктын iFIRST TCAF долбоорунун алкагында көмүртек бирдиктерин эсепке алуу жана жүгүртүү боюнча бирдиктүү улуттук системаны түзүү маселелери каралды. Жакынкы убакта кол коюлушу күтүлүп жаткан долбоор Кыргызстандын энергетика министрлигинин демилгеси менен сунушталып, өлкөдө көмүртек каржылоосуна байланышкан алгачкы долбоорлордун бири болуп саналат.
Долбоор энергетика тармагындагы реформаларды колдоого жана зыяндуу парник газдарынын кыскартууга багытталган.
Анын өзгөчөлүгү – жыйынтыкка негизделген төлөм механизминин колдонулушу. Башкача айтканда, зыяндуу парник газдарынын канчалык деңгээлде азайганы атайын системалар аркылуу өлчөнүп, катталып жана текшерилгенден кийин гана өлкөгө каржылык төлөмдөр жүргүзүлөт.
Долбоордун алкагында Кыргызстанга климаттык каржылоо, көмүртек рыногу аркылуу кошумча каражат тартуу жана техникалык колдоо көрсөтүү каралган. Абага жайылган зыяндуу газдардын азайышы тастыкталган учурда өлкөгө 4,5 млн АКШ долларына чейин каражат бөлүнүшү мүмкүн. Бул каражаттар өлкөнүн Париж келишиминин алкагындагы климаттык милдеттенмелерин ишке ашырууга багытталат. Мындан тышкары, көмүртек рыногунун механизмдери аркылуу дагы 5,5 млн АКШ долларына чейин кошумча каржылоо тартуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Ошондой эле долбоордун алкагында грант менен 1,5 млн АКШ долларына чейин техникалык жардам көрсөтүлүп, мамлекеттик органдардын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү, зыяндуу парник газдарын эсепке алуу жана көзөмөлдөө системасын түзүү, ошондой эле көмүртек бирдиктеринин улуттук реестрин ишке киргизүү пландалууда.
Эксперттер бул демилге өлкөнүн энергетика тармагындагы реформаларды илгерилетүүгө, климаттык саясатты бекемдөөгө жана эл аралык климаттык каржылоону тартууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Натыйжада Кыргызстанда экологиялык туруктуулукту жогорулатуу менен бирге энергетика секторун модернизациялоого жана зыяндуу парник газдарынын абага жайылышын кыскартууга шарт түзүлөт.