www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын сенатору Элизабет Уоррен Казакстандагы Трамптын уулдары катышкан Cove Kaz Capital компаниясынын вольфрам кенин иштетүү долбоорун мамлекеттик каржылоого байланыштуу кошумча текшерүү жүргүзүүнү талап кылды.

Маалыматка ылайык, компания Пентагондон 400 миллион доллар, ошондой эле АКШнын Экспорттук-импорттук банкы жана Өнүктүрүү корпорациясынан 1,6 миллиард доллар каржылоо алууну көздөөдө.

Долбоор Казакстандын «Тау-Кен Самрук» компаниясы менен биргеликте Түндүк Катпар жана Жогорку Кайракты кендерин өздөштүрүүнү камтыйт. Бул эки кенде болжол менен 410 миң тонна вольфрам триоксидинин запасы бар экени айтылып, дүйнөдөгү ири кендердин катарына кирери белгиленүүдө.

Последние новости