www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарында коммерциялык айдоочулук күбөлүктөрдү (CDL) берүү жана узартуу боюнча талаптар күчөтүлгөнүн маалымдады.

АКШнын Транспорт министрлигинин жана Автотранспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча федералдык администрациясынын түшүндүрмөлөрүнө ылайык, CDL алууга же аны узартууга төмөнкү категориядагы адамдар гана укуктуу:

АКШнын жарандары;

«Грин-карта» ээлери (АКШнын мыйзамдуу туруктуу жашоочулары);

АКШда айрым жумуш визаларынын негизинде жүргөн чет өлкөлүк жарандар.

Министрлик иштөөгө уруксат кагазы (EAD) жана социалдык камсыздандыруу номери (SSN) болгонуна карабастан, АКШнын федералдык органдары тарабынан таанылган тиешелүү иммиграциялык макамы жок мигранттарга CDL алууга же узартууга кепилдик берилбей турганын билдирди.

Буга байланыштуу ТИМ жарандарга АКШнын ыйгарым укуктуу органдарынан талаптарды алдын ала тактоону, документтердин колдонуу мөөнөттөрүн көзөмөлдөөнү жана федералдык ченемдердеги өзгөртүүлөрдү эске алууну сунуштайт.

Эске салсак, февралдын башында АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы (ICE) Индиана штатында төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу 30 жаштагы кыргызстандык жаранды камакка алганын билдирген. ICE кызматынын маалыматына ылайык, кыргызстандык Б.Б. башкарган жүк ташуучу унаа алдындагы транспорттун артынан токтоого жетишпей, каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада ичинде 15 жүргүнчүсү бар кичи автобус менен кагылышып, төрт адам каза болгон.

Последние новости