www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев алгачкы иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан эски Ош базарынын аймагын жеринде көрүп чыгып, сунушталып жаткан долбоорлор менен таанышты.
Таанышуунун жүрүшүндө шаар мэри аталган аймакты иретке келтирип, шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап эс алуу жайына айландыруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле жөө жүрүүчүлөр үчүн шарттарды түзүү, жашыл аймактарды көбөйтүү, кызмат көрсөтүү объектилерин заман талабына ылайык жайгаштыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтты.
Калаа башчы тиешелүү мекеме-ишканаларга аталган аймак боюнча кыска мөөнөттүн ичинде комплекстүү жаңы долбоор иштеп чыгып, аны ишке ашырууда жеке ишкерлер менен тыгыз кызматташуу зарылдыгын белгиледи. Ошону менен бирге, шаар мэри ишкерлерди аталган долбоорго инвестиция салууга чакырып, мэрия тарабынан тиешелүү колдоо жана шарттар көрсөтүлөрүн баса белгиледи.
Ошондой эле мэр өз сөзүндө эски Ош базары жүз жылдар бою соода-сатык жүргүзүлүп келген, жергиликтүү тургундар менен катар чет өлкөлүк туристтерди да өзүнө тартып келген тарыхый жана маанилүү жай экенин белгиледи. Аталган аймакты туристтик потенциалы жогору, шаар экономикасына кошумча киреше алып келе турган, Ташкенттеги Magic City сыяктуу заманбап эс алуу жана маданий борборуна айландыруу керектигин айтты.