www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 12 күндүн ичинде 19 миңден ашуун адам “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн колдонду. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.
Мындай кадамды жаратууга быйыл июль айында президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзам негиз болду. “Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө” мыйзам ар бир жаранга кааласа, насыя алуудан өзүн өзү четтетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
1-ноябрдан тарта бул функция “Түндүк” тиркемесинде иштей баштаган. Демек, эми жаран өзүнүн атынан насыя алууга финансылык алдамчылар жол таба албайт. Мыйзамдын негизги максаты, жарандарды насыялык жана онлайн шылуундуктардан коргоо болуп саналат
Эрежеге ылайык, банк же башка каржы мекемеси насыя берүүдөн мурда кредиттик бюродон маалымат сурайт. Эгер кардардын атына “өзүнө тыюу салуу” коюлган болсо, анда насыя берүүгө тыюу салынат. Бул талапты бузган мекеме берген насыя жараксыз деп табылат.
Акыркы жылдары Кыргызстанда интернет аркылуу жасалган шылуундук фактылары көбөйүп, көптөгөн адамдардын атына мыйзамсыз насыялар алынган учурлар катталууда. Жаңы система дал ушундай тобокелчиликтерди азайтууга жана жарандардын каржылык коопсуздугун чыңдоого багытталган.