www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп Тайванга 12 миллиард долларлык курал жеткирүү маселеси Кытай менен болгон мамилеге жараша азырынча токтотулганын билдирди.

Дональд Трамп бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдөн кийин «Фокс Ньюс» каналына берген маегинде айткан.

Трамп Вашингтон бул маселени азырынча запас вариант катары кармап турганын белгиледи:

“Мен муну азырынча резервде кармап турам жана баары Кытайга байланыштуу. Чынын айтсам, бул сүйлөшүүлөрдө биздин тарап үчүн абдан жакшы көзүр”, - деди ал.

Белгилей кетсек, АКШнын Тайванга курал сатуу маселеси көп жылдан бери Вашингтон менен Бээжиндин ортосундагы негизги чыңалуу темаларынын бири болуп келет.

Последние новости