www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ирандын айланасындагы деңиз блокадасы кайра жандандырылганын билдирди.
Бул тууралуу CENTCOM тараткан маалыматта айтылат.
Маалыматка ылайык, АКШ чыгыш жээгинин убактысы боюнча саат 16:00дөн тартып Ирандын портторуна жана жээк аймактарына багыт алган, ошондой эле ал жактан чыгып жаткан кемелерге карата деңиз блокадасын кайра киргизген.
CENTCOMдун билдирүүсүндө операцияга АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн 20дан ашуун кемеси жана жүздөгөн аскердик учактар тартылганы айтылат.
Ошондой эле бул блокада АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик катышуусу күчөтүлүп жаткан шартта жүргүзүлүп жатканы белгиленди.