www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын чалгын кызматы Иранга каршы кеңири масштабдагы аскерий кампания да өлкөдөгү саясий режимдин кулашына алып келиши күмөн экенин белгиледи. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы АКШнын Улуттук чалгын кеңешинин жашыруун баяндамасына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, АКШ менен Израилдин күчтүү соккуларына карабастан, Ирандагы бийлик системасы, диний лидерлер менен аскерий структуралардын биримдигине негизделген түзүлүш туруктуу бойдон каларын белгилейт. 

Докладда режимди алмаштыруу боюнча ар кандай сценарийлер каралган. Алардын арасында Иран жетекчилигине каршы так соккуларды берүү жана мамлекеттик институттарды бутага алган кеңири аскерий операциялар бар. Бирок эки учурда тең өлкөдөгү бийлик структуралары сакталары, ал эми оппозиция бийликти колго алуу үчүн жетиштүү күчкө ээ эмес экени айтылат.

АКШ чалгын кызматынын мындай баасы Вашингтондогу айрым саясий билдирүүлөргө каршы келет. АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин Ирандын жетекчилигин “алмаштыруу” мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып, Тегерандан “шартсыз капитуляцияны” талап кылган. Ак үй өкүлдөрү операциянын максаты Ирандын ракеталык мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу, аскерий флотун алсыратуу жана өлкөнүн өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин билдиришкен.

Ошол эле учурда айрым батыш эксперттери Ирандагы саясий система ондогон жылдар бою калыптанган институттарга таянарын белгилешет. Алардын айтымында, диний жана аскерий элита өлкө ичиндеги бийликти бекем кармап турат жана азырынча масштабдуу элдик көтөрүлүштүн же бийлик ичиндеги олуттуу ажырымдын белгилери байкала элек.

Мындан улам аналитиктердин баамында, тышкы аскерий басым күчөгөн күндө да Ирандагы саясий түзүлүштүн тез арада өзгөрүшү күмөн.

Последние новости