www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва районунда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Чүй областынын Москва районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, социалдык объекттерди курууга багытталган Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Төмөн-Суу айылында жайгашкан 7653,0 чарчы метр жана Нарзан айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1000,0 чарчы метр жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы базар баасы 12 млн 857 миң 100 сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.

Последние новости