www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Akon жана Ne-Yo Бишкекте концерт берет

Америкалык ырчылар Akon жана Ne-Yo 18-сентябрда Бишкектеги «Бишкек Аренада» концерт беришет. Бул маалыматты концерттин уюштуруучулары жана билет оператору тастыктады.

Концерт саат 19:00дө башталат, көрүүчүлөр үчүн эшиктер 16:00дө ачылат. Билеттер 29-августтан тарта сатыкка чыгат.

Эки белгилүү ырчыдан тышкары, концертте аты азырынча айтылбаган дагы бир чет элдик артист — Secret Guest чыгат.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, Akon жана Ne-Yo Бишкектеги концерттен бир күн өткөн соң Астанада да өнөрүн тартуулашат. Алар 2026-жылы Nights Like This аттуу биргелешкен эл аралык турдун алкагында концерттерин улантып жатышат.

Akon Lonely, Smack That, Beautiful сыяктуу хиттери менен белгилүү болсо, Ne-Yo So Sick, Closer, Miss Independent ырлары жана ыр жазуучу катары таанылган. Ал «Грэмми» сыйлыгынын үч жолку лауреаты.

Последние новости