www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн 11-сентябрда Талас облусунун Айтматов районунун ички иштер бөлүмүнүн жаңы заманбап административдик имараты, спорт залы пайдаланууга берилди. Бул тууралууу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы имарат Ички иштер министри Улан Ниязбековдун демилгеси менен курулуп, Республикалык бюджеттен каржыланган.
Курулуш иштери 2024-жылы башталып, ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана кызматкерлер үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.
Жаңы комплекске жалпы аянты 1080 чарчы метр болгон эки административдик корпус, 1012 чарчы метрлик спорт комплекси жана кызматтык-чарбалык объектилер кирет.
Негизги үч кабаттуу корпуста жарандарды кабыл алуу бөлмөсү, жыйындар залы, кызматтык бөлмөлөр, мыйзам талаптарына ылайык жабдылган убактылуу кармоочу жайлар каралган.
Экинчи корпуста кызматтык кабинеттер менен катар маалыматтарды ыкчам талдоого жана санариптик көзөмөл жүргүзүүгө багытталган ситуациялык борбор жайгашкан.
Спорт комплексинде футбол жана волейбол залы, машыгуу бөлмөсү, кийим алмаштыруучу жана жуунуучу бөлмөлөрү бар. Мындан тышкары, кызматтык автоунаалар үчүн 10 бокс, параддык аянтча, жашылдандырылган сейилдөө зонасы жана чарбалык жайлар курулган. Текшерип өткөрүү пункту, «бирдиктүү терезе» каралган.
Ачылыш аземде элге сервистик тейлөө көрсөтүү максатында милиция бөлүмүнө 2 жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды.
70 миңден ашуун калкты тейлеген Айтматов районунун ички иштер бөлүмүнүн эски имараты 1971-жылы курулган болчу.
ИИМдин Басма сөз кызматы