www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн апталарда Маданият, маалымат жана туризм  министрлигинин колдоосу менен "Кыргызстан сулуусу-2019" сынагы өткөрүлдү. Ал сынактын жыйынтыгында Нарын облусунун атынан чыккан 21 жаштагы Айжан Чаначева жеңүүчү аталган. Эми ал "Дүйнө сулуусу" сынагына катышат. "АЗИЯnews" гезити Айжан менен маек курду. 

- Айжан, алгач үй-бүлөң тууралуу токтолсоң, ата-энең кайсы чөйрөдө иштешет?

- Атам чакан ишкерлик менен алектенет. Апам болсо туризм тармагында, конок үй иштетет. Төрт бир туугандын улуусумун. Менден кийинки сиңдим Тайванда окуйт. Андан кичүүлөрү бала бакчага барышат.

- Саясатка кызыгасыңбы? Баалаган саясатчыларың кимдер?

- Ушу мен таптакыр эле саясатка кызыгуум жок. Бир гана жашоомо таасир берген "Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу" деген укмуш цитатасын калтырган залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду баалайм. 

- Сулуулук сынактары бонча дагы кандай максаттарың бар?

- 20-ноябрда өтө турган "Дүйнө сулуусу" сынагына даярдана баштадым. Бирок, жетишпей калам го. Ал жакка катышуу үчүн бир топ каражат керек экен. Виза иштери бүтпөй калса, анда келээрки жылга аракеттенем. 

- Сен жактырган мырзаны кандай сүрөттөйсүң?

- Узун бойлуу, акылдуу, ыймандуу, чечкиндүү жигиттерди жактырам.

- Ошондой мырзалар колуңду сурап калса, кандай жооп узатасың?

- Азыр эч ким менен сүйлөшкүм келбейт Турмушка чыгуу капарымда жок. Өз максаттарыма жетүү үчүн күрөшөм деген ниеттемин.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости