www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Айназик Матраимованын атынан аккаунт ачкан адам ким экенин таптык. Ал кечээ кармалган жигит эмес, башка”. Бул тууралуу Айназиктин жактоочусу Давран Касымов билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин маалымат булактарында, Матраимованы каралаган фейктин ээси кармалганы тууралуу маалыматтар чыккан болчу. Бирок ал чындыкка жатпай турганын, жалган экени айтылган.

Касымов, “өзүбүз кармап алып, мыйзамсыз иш кылуу, бул биздин деңгээл эмес” деп билдирген. Айтымында, жактоочу катары мыйзам чегинде аракет көрөт. Ал эми Матраимовдор, фейк акаунт ачып, жалган маалыматтар менен бөлүшкөндөрдү өз абийирине коет.

Эске сала кетсек, Instagram социалдык түйүнүндө @matraimova.nazik. деген акаунтта Райым Матраимовдун карындашы Айназик «эл жумшак дивандарынан туруп, акчаны кантип табуунун жолун издеш керек. Менин атам кандай жол менен акча таап жатканы силердин ишиңер эмес. Андан көрө батириңерге салык төлөп, бирөөнүн ишине киришпегиле! Мен эч кимден коркпойм! Бийликтегилер, президент, Жогорку Кеңеш биздин үй-бүлөнүн достору. Алар өздөрүн Кудай сезип алышкан» деген шилтеме чыккан. Бирок мунун фейк экенин Айназик жана анын жакындары билдиришкен.

Ал эми Айназиктин интернеттеги өздүк баракчасы туулган күндөгү талкуу башталганга чейин эле, эки күн мурун өчүрүлгөнү айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости