www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Агартуу министрлигинде коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу маселелери каралды 

Кечээ, 11-майда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин аппараттык кеңешмесинде коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Орозбек Бердибаев баяндама жасады.

Баяндамада билим берүү системасы мамлекеттик коррупцияга каршы саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экени белгиленди.

Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын, ошондой эле 2026–2027-жылдарга карата маалыматтык антикоррупциялык саясат программасынын талаптарын ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө бурулду.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында тобокелдиктерди баалоо механизмдерин өркүндөтүү, жол-жоболордун ачыктыгын жогорулатуу жана билим берүү тармагында санариптик чечимдерди өнүктүрүү иштери улантылып жатканы белгиленди.

Мындан тышкары, билим берүү жана башкаруу процесстерин санариптештирүү боюнча системалуу чараларды киргизүүнүн, жол-жоболордун ачыктыгын камсыз кылуунун, коррупцияга каршы комиссиялардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерге үзгүлтүксүз талдоо жүргүзүүнүн зарылдыгы баса белгиленди.

 

Последние новости