www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдрахман Маматалиев тууралуу жалган маалыматтар тарап кеткенине зээни кейиген Манас Осмон өзүнүн Фейсбуктагы жеке баракчасына пикирин жазган:

- Айрым ММКларга таң каласың. Өздөрүнө кыпындай зыяны жок адамды деле бирөө "заказ" берди деп, абройун тебелеп, тепсей беришет. Өткөн жумада Транспорт министри болгусу келген айрым амалпараздар Абдрахман Маматалиев жөнүндө асылсыз маалымат, ушак таратышты. Биз билгенден Абдрахман мырза байбичесин колтуктап чет өлкөдө жүрөт. Анын үстүнө ал киши министр болуу үчүн кимдир бирөөлөрдүн эшигин сагалап, кызмат үмүт кылган курактан өтүп кеткен. Алла Таала буйрук кылса, элге журтка кызмат кылууга даяр.

Ош шаарында вице-мэр, ак үйдө бөлүм башчы андан кийин аким, министрдин орун басары, депутат жана вице-премьер-министр катары үзүрлүү, ак, адал иштеп берди. Жеди, ишти болуп, элге жек көрүнгөн жок. Таза өтмүшү, иш билги тажрыйбасы менен элдин оозунда. Андыктан, амалпараздар үчүн айтып коюучу сөз! - дейт интернет колдонуучу.

Эске салсак, Транспорт жана жолдор министрин 2018-жылдын 14-декабрында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков "ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басарына байланыштуу мурдагы министр Жамшитбек Калиловду сынга алган. Калилов өз арызы менен кызматтан кеткен. 

Белгилей кетсек, бүгүн анын ордуна Жанат Бешеновдун кандидатурасы сунушталып жатат.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости