www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда иммундук-ферменттик анализди жасаган 11 жеке лаборатория бар. Алар үч жума аралыгында 13 миңден ашуун адамдан анализ алышкан.

Адамдын коронавирус менен ооруганын иммундук-ферменттик анализ (ИФА) эки багытта аныктайт. Анын жардамы менен бейтап жакынкы жумада же бир ай мурда илдет менен күрөшкөнүн биле алат.

ИФА тууралуу кененирээк брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Динара Оторбаева айтып берди. Бул тууралуу sputnik.kg маалымат агенттиги жарыялады.

"Иммундук-ферменттик анализ — лабораториялык изилдөөлөрдүн бир ыкмасы. Кан аркылуу адамда оорунун бар экендиги же буга чейин ооруганын жана коронавируска иммунитети бар экенин аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Вирус организмге киргенден кийин иммундук система инфекциядан коргонуу үчүн иммуноглобулиндерди же антителолорду иштеп чыга баштайт. Антитело илдет азыр бар экенин же киши ооруп бүткөнүн тастыктайт. ИФА тестинен өтүү менен адам өзүнүн статусун билип алса болот", — деди адис.

Оторбаева түшүндүргөндөй, кандагы изилдөөдө иммуноглобулиндин (антитело) эки түрү — IgM менен IgG аныкталат. Бул экөөнү убакыт айырмалап турат.

"IgM классындагы антителолор адам оору жугузган беш күндөн тарта клиникалык сиптомдор кеткенге чейин, тагыраагы, бир-эки айга дейре кармалып турат. Эки айдан кийин организмде IgG иммуноглобулини пайда болуп, бир топ убакыт сакталат. Ошондуктан антителонун биринчиси аныкталганда обочолонуп, санитардык эрежелерди сактагыла, ооруканага кайрылгыла, кааласаңар ПЦР-анализ тапшыргыла. Экинчисинде дарылануунун кереги жок, бирок маска сыяктуу коргонуу каражаттарын унутпагыла. Себеби оору кайра жукпайт деген тастыктама азыр эч жакта жок", — деди адис.

Ал кошумчаландай, Кыргызстанда иммундук-ферменттик анализди жасаган 11 жеке лаборатория бар. Алар 21-июлдан тарта 12-августка чейин 13 688 адамдан анализ алышкан. Натыйжада 48 пайызында антитело табылган, тагыраагы, ооруганы аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости