www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак Жалилов пневмониядан улам каза болду. Социалдык тармакта маркум тууралуу ар бир колдонуучу өз баракчаларында эскерүү постторун жазып жатат, акындар ыр арнап, эскеришүүдө. Алардын бирин окурмандарыбызга сунуштайбыз.

ААЛЫМ жана ААЛАМ

Кулагыма суук кабар жаңырды,
Зыркыратып жүрөк-жүлүн, тамырды.
Жол көрсөтчү жоболоңдуу заманда,
Жоготуппуз алп, даанышман аалымды.

Билем, ар жан өлүм даамын татат бу,
Бирок ыйлап, көздөн мөлтүр жаш акты.
Накыл сөзү – чырак эле түндөгү,
Ким бизге айтат эми ошондой насаатты?

Маңдайында жылдыз-нуру жаркыган,
Таңдайынан таттуу сөздөр шаңшыган.
Казган кенин Алла берген илимдин,
Ошон үчүн Ай айбыкчу баркынан!

Ачуу дебей акыйкатты билдирчү,
Капалуунун жарпын жазып күлдүрчү.
Бул жалганда аз жашаарын билгендей,
Тынымы жок иштеп күн да, түн жүрчү.

Илим, акыл, китеп эле жыйганы,
Биз эле эмес, дүйнөдө көп сыйлаары.
Чын ыклас, чырак билим, чындык сөз...
Бузуктуктан буруп койгон кыйланы.

Буркурадым сыздап, жүрөк эзиле,
Күн күл болуп, Ай өчкөндөй сезиле.
Элге келген балакеттин бардыгын
мага бер деп тилеген бейм өзүнө.

Күн тийсе да күңүрт тартып төгөрөк,
Кандайдыр бир капалыкка бөлөнөт.
Аалым өтсө – аалам боорсуз калгансыйт,
Андай залкар кайра качан төрөлөт?

Арманым өрт, айтар сөз көп дээр ичте,
Устатым ай, кеттиң салым кейишке.
Ортодогу бир туугандык мамиле,
Уланат деп үмүт кылам бейиште.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости