Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзѳтүү ратификацияланды
Расмий кабарлар  |   |  3388

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2016-жылдын 15-октябрында Руанда Республикасынын Кигали шаарында кабыл алынган Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзѳтүүнү ратификациялоо жѳнүндѳ» КР мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түзѳтүүнү ратификациялоо жѳнүндѳ грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлѳѳгѳ тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып ок күн ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

2016-жылдын 15-октябрында Руанда Республикасынын Кигали шаарында Монреаль протоколуна катышкан 197 өлкө келишимге гидрофторуглероддорду өндүрүүнүн жана керектөөнүн кыйла көбөйүшүнө жана аларды пайдалануучу жабдууларды колдонуу процессинде анын абага чыгарылышынын өсүшүнө каршы күрөшүү боюнча Монреаль протоколуна жаңы түзөтүүнү кабыл алган.

Кигали түзөтүүсү аларды 2047-жылга карата 80-85%га акырындык менен өндүрүштүк процесстен чыгарып салууну болжолдойт, натыйжада кылымдын аягына глобалдык ысып кетүүнү 0,5°Сга (CO2 жана метандын абага чыгарылышын андан ары төмөндөтүүнү эске алуу менен) басаңдатат.

Монреаль протоколунун жаңы эрежелери боюнча ар бир өлкө гидрофторуглероддорду жүгүртүүдөн чыгарып салуунун өз графигин алат. Алсак, өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгү гидрофторуглероддорду керектөөнүн көлөмүн 2016-жылы эле басаңдаткан, 2019-жылга карата аларды 10%га төмөндөтүүгө жана андан ары бара-бара төмөндөтүүгө ниеттенип жатат. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн көпчүлүгү гидрофторуглероддорду керектөөнү басаңдатып, 2029-жылга карата аны 10%га төмөндөтмөкчү. Кигали түзөтүүсү Монреаль протоколун гидрофторуглероддорду жүгүртүүдөн этап-этабы менен чыгарып салууну караган жоболор менен толуктайт. Атап айтканда:

— гидрофторуглероддорду керектөөнүн көлөмү 2024-жылы токтотулууга тийиш жана андан кийин 2045-жылга карата керектөөнү 80% кыскартуу каралган;

— гидрофторуглероддорду өндүрүү, керектөө, импорттоо, экспорттоо, абага чыгаруу, ошондой эле керектөөнүн базалык деңгээлдери көмүр кычкыл газынын (CO2) эквивалентинде көрсөтүлгөн;

— керектөөнүн базалык деңгээлдери гидрофторуглероддорду, ошондой эле гидрохлорфторуглероддорду өндүрүүнүн/керектөөнүн көлөмдөрүнүн негизинде эсептелет;

— гидрофторуглероддордун импортун жана экспортун лицензиялоо системасы 2019-жылдын 1-январына чейин киргизилүүгө тийиш;

— Кигали түзөтүүсүн ратификациялабаган өлкөлөр («түзөтүүнүн тараптары болуп саналбаган өлкөлөр») менен соодалашууга 2033-жылдын 1-январынан тартып тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями