www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-августта Бишкек шаардык сотунда “75чилердин иши” боюнча соттук отурум уланууда. Процесс жабык өтүүдө.

Сотко мурдагы премьер-министрлер Турсунбек Чыңгышев, коомдук ишмер Накен Касиев келди. Турсунбек Чыңгышев “сотко башка эле иш менен келгенин” айтса, Накен Касиев “катка кол койбогонун” билдирди. Бирок, президенттик шайлоону эрте өткөрүү тууралуу 75 адамдын кайрылуусунда экөөнүн тең аты-жөнү бар.

Буга чейин “75чилердин ишине” байланыштуу 10го чукул адам көрсөтмө бергени, дагы 30га жакын күбө суралары айтылган.

Белгилей кетсек, 2-июлда Биринчи май райондук соту Ташиев, Тургунбек уулу, Зулушев жана дагы беш адамды «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча актап, үч жылдык пробация белгилеген. Сегиз адамдын мүлкүн мамлекетке алуу чечими да чыккан.

Беш айыпталуучу февралдан бери камакта отуруп, сот залынан бошотулган. Райондук соттун өкүмүнө прокуратура да, айыпталуучулар да апелляция берип, иш азыр шаардык сотто каралууда.

Сүрөт Азаттык

Последние новости