www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юбилейдик 70-жылдыгын белгилеген “Евровидение-2026” ыр сынагы Вена шаарында башталып, дароо эле талаш-тартыштардын чордонунда калды. Исландия, Ирландия, Нидерланддар, Словения жана Испания Израиль Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга байланыштуу катышып жатканына нааразы болуп, иш-чараны бойкот кылууну чечишти. Евровидение тарыхындагы бул эң ири бойкот экени BBC басылмасына таянып, RTVI US жазып чыкты.

Израилден келген катышуучу Ноам Беттан, фавориттердин бири катары каралып жаткан, журналисттерге билдиргендей, ал өзүнүн сахнадагы чыгышына алдын ала терс реакция болушу мүмкүн экенине даярданган. Ал атүгүл репетиция учурунда атайын ызы-чуу чыгарылып, тоскоолдуктар болушу мүмкүн экенин да эске алганын айткан.

New York Times гезити болсо Израиль бул сынакты “жумшак күчтүн куралына” айландырды деген материал жарыялаган. Ал эми Израилди катыштырууга каршы тараптар бул өлкөнүн катышуусу саясий негиздеги добуш берүүгө алып келип, сынактын бейтараптуулук принцибин бузат деп билдиришүүдө.

Ошол эле учурда Вена полициясы мүмкүн болуучу Израилге каршы нааразылык акцияларына жана террордук коркунучтарга даярдык көрдү. Бул үчүн жүздөгөн коопсуздук кызматкерлери тартылып, өзгөчө көңүл “Штадтхалле” стадиону жайгашкан аймакка бурулду. Бул жерде жарым финалдар жана финал өтөт.

Последние новости