www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 16-декабрь күнү Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда, тактап айтканда Ысык-Ата районунун аймагында бир нече адамдын өмүрүн алган жол-транспорт кырсыгы катталган. Аталган аймакта «Фольксваген Пассат» менен «Тойота Ипсум» кагышып, «Фольксваген Пассат» унаасы өрттөнүп кеткен.
Аталган жол кырсыктын кесепетинен жалпы 5 адам каза болуп, 3 адам жаракат алган. Учурда каза болгон 4 адамдын өздүгү такталды. Алар:

- 1993-жылы туулган Б.Д. (Кочкор районунун тургуну);

- 1959-жылы туулган Г.М. (Кочкор районунун тургуну);

- 1984-жылы туулган Ч.Н. (Кочкор районунун тургуну);

- 1986-жылы туулган А.Ш. (Кемин районунун Жаңы-Жол айылынын тургуну, «Фольксваген Пассаттын» айдоочусу, унаа менен кошо өрттөнүп кеткен).
Ал эми көз жумган бешинчи адамдын өздүгү такталууда. Ал болжол менен 55 жаштагы эркек киши. Маркумдардын денеси Ысык-Ата райондук өлүк сактоочу жайга жеткирилди.
Кийинчерээк Ысык-Ата аймактык ооруканасынан жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат беришти.
«Жабырлануучу Т. уулу А.нын баш мээси чайкалып, көк боору жарылып, кансыраган. Учурда абалы туруктуу оор, жандандыруу бөлүмүндө. 1973-жылы туулган Ш.К.нын баш мээси чайкалып, ийин сөөгү сынып, көкүрөк омурткасы жабыркап, жүлүндүн функциясы бузулган. Ал нейрохирургия бөлүмүнө которулду. Ал эми Б.М.дин баш мээси чайкалып, акыреги сынган. Ал да нейрохирургия бөлүмүнө которулду», - деп билдиришти ооруканадан.
Буга чейин жол кырсыкка катышкан «Тойота Ипсум» унаасында 7 адам бара жатса, экинчи унаада айдоочу гана болгону маалымдалган. «Тойотадагы» 4 адам каза болуп, үчөө ооруканага жеткирилген. Алар: 1990-жылы туулган Т. уулу А., 1973-жылы туулган К.Ш. жана 1976-жылы туулган М.Б. Жабыркагандардын баары Кочкор районунун тургундары.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости