www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-декабрдан тарта өлкө аймагында улуттук валютанын IV сериясындагы 2016-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы өзгөртүлгөн банкноттору жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

2016-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы банкноттор улуттук валютанын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноттордун пландуу жаңыртуусун аяктайт.

IV сериясындагы 2016-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы өзгөртүлгөн банкноттор төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Классикалык ыкма менен даярдалган, даана жана так көрүнгөн портрет;
- MASK элементи, жарыкка салып кароодо сом деген сөз көрүнөт (5000 сом банкнотунда гана);
- Чыгарылган жылы: 2016.
Улуттук валютанын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноттору Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө мурда чыгарылган 1, 10, 50 тыйын, 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом номиналындагы банкноттор менен чогуу жүгүртүүдө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости